Гематогендин курамында арам кошулма бар экенин билчү белеңиз?
Дарыканаларда шоколад өңдүү гематоген азыгын көрүп калабыз. Гематоген – бул аз кандуулукка кошумча азык катары сунушталат (дарыгерлер тарабынан). Бирок, анын курамында эмне бар экенине кызыгып, маани бергендер аз.
Гематогендин курамында «альбумин» бар. Альбумин жаныбарлардын, көбүнчө буканы (өгүз) сойгондо агып чыккан канынан жасалат. Аны жегенге ылайыктуу болушу үчүн ага кошумча сүт, кант, какао жана ушул сыяктуу даам жакшыртуучу заттар кошулат.
Ислам нормалары (шариат) жана халал стандарттары боюнча бул азыкты жегенге болбойт. Себеби Аллах таала Ыйык Курани Каримде мынтип айтат:
«Ал силерге өлүктүн этин , канды , чочконун этин, Алланын ысмы аталбастан союлган малдардын этин жешти арам кылды…» (2.Бакара. 178)
«Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздалган учурда атырылган) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды..» (5.Маида. 3).
Демек, Аллах Таала канды (аккан кан, атырылып чыккан кан, союлганда чыккан кан) арам кылды. Ал эми гематогендин курамындагы альбумин – бул кандан жасалат. Демек, ал да арам!
Макаланын автору: халал стандарттары боюнча эксперт — Акылай Чыналиева.