«Суши деген бул – балык анан күрүч (рис). Анын эмнеси харам экен» -дегендер көп…
Биз аларга жооп кылабыз.
Сиз жеп жүргөн суши азыктарынын курамында төмөнкүлөр бар:
Балык;
Күрүч (рис);
Краб таякчалары (крабовые палочки);
Соя соусу;
Икра;
Имбирь;
Сыр ж.б
Булар негизинен адал. Бирок, аталган продукцияларды атайын «СУШИ» азыктары үчүн даярдоодо спирт, харам болгон боёгучтар жана сыр азыктарын өндүрүүдө адал эмес ферменттер колдонулат.
Караңыз…
– Краб таякчалары. Бул азык көбүнчө кызыл түстө болот. Анын курамында «КАРМИН» деп жазылып турат. Кармин боёгучу – Харам. Кызык болсо азыр дүкөн, маркеттерге барып, краб таякчаларын карап, окуп көрүңүз;
– Икра (балыктын жумурткалары). Муну баарыбыз сүйүп жейбиз, айрыкча «кызыл икраны». Бирок, мунун курамын окуган жан жок. Кызыл икралардын курамында ачык эле «КАРМИНДЕР» деп жазылып турат.
– Сыр. Бул азыктарды өндүрүүдө «жумур ферменти» (сычужный фермент) колдонулат. Анын миссиясы сүттү уютуу. Аталган фермент күмөндүү болуп саналат. Анткени, «жумур ферменти» (сычужный фермент) жаныбарлардан алынат. Ал жаныбар адал жана адал ыкма менен союлуп анан сыр, быштак өндүрүүдө колдонулса демек адал. Бирок, чочкодон алынышы да толук мүмкүн жана адал бирок, арам жол менен союлган жаныбарлардан да алынат. Анда бул фермент – харам болот жана сыр дагы. Ошондуктан мунун өкүмү күмөндүү! Сыр азыктарынын «Халал сертификаты» барын гана колдонуу керек;
– Имбирь. Бул да адал азык. Бирок анын даамын жана түсүн өзгөртүүдө Харам кошулмалар колдонулат. Биз күбө болдук. Бул баягы эле «КАРМИН». Суши азыктарындагы «имбирлердин» курамынан кармин боёгучун кезиктирдик;
– Соустар. Айрым соустарда спирт болушу толук мүмкүн.
Эгерде сизге кызык болсо, анда өзүңүз барып сурап, сүрүштүрүп көрүңүз.